facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.06.2025

Милиция кызматкерлери Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору менен жолугушту

20-июнда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору менен окуу процессин уюштуруу жана окуучулардын коопсуздугуна тиешелүү болгон маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүштү. 
Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук билим берүү башкармалыктарынын башчылары катышты. 
Иш-чаранын жүрүшүндө  бийлик органдарынын, билим берүү тутумунун жана укук коргоо органдарынын өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана коргоо ишиндеги тыгыз байланышынын маанилүүлүгү баса белгиленди. 
Талкуулоо иштиктүү маанайда өттү. Өзгөчө мектептин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына, атап айтканда ата-энелерден акча чогултууга жол бербөөгө, окуу жайларындагы учурдагы оңдоп-түзөөлөргө көзөмөлдү жөнгө салууга жана бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды так жана уюшкандыкта берүүнү камсыз кылууга көңүл бурулду.    
Бүтүрүү кечелеринин темасыда талкуу чордонунда болуп, ИИМдин өкүлдөрү мындай иш-чараларды ата-энелердин өткөрүшүнө катуу тыюу салынганын эскертишти. Мунун баары балдардын коопсуздугу жана алардын үй-бүлөлөрүнүн тынчтыгы үчүн жасалып жаткандыгы эскертилди. Кеңешме билим берүү тутуму менен укук коргоо органдарынын ортосундагы ачык диалогго карай дагы бир кадам болду. 

Пайдалуу шилтемелер