facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

20.06.2025

КР ИИМ жарандарды жайкы эс алуу мезгилинде мүлкүн коргоо чараларын көрүүгө чакырат

КР ИИМ жарандарды жайкы эс алуу мезгилинде мүлкүн коргоо чараларын көрүүгө чакырат

Жайкы эс алуу мезгилинин башталышы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга турак жайларынан уурулуктун алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгын эскертет.

Ыкчам кырдаалдын талдоосу көрсөткөндөй, жай мезгилинде турак жай ээлери жок болгон учурда уурулуктун саны көбөйгөнү байкалууда. Кол салгандар узак убакыт бою эч ким келбеген жана эч кандай көзөмөл жок батирлерди тандашат.

Өз мүлкүңүздү коопсуз кылуу үчүн ИИМ төмөнкү сунуштарды берет:

-Эшиктерди, терезелерди жана балкондорду бекем жабыңыз;
-Үйдө ири суммадагы акча каражаттарын жана баалуу буюмдарды калтырбаңыз;
-Мүмкүнчүлүк болсо сигнализация же видео көзөмөл орнотуңуз;
-Сиз үйдө жок болгон учурда туугандарыңыздан, кошуналарыңыздан же тааныштарыңыздан батирди кээде карап турууну сураныңыз;
-Социалдык тармактарда сиздин эс алууга кеткендигиңизди жарыялабаңыз.

КР ИИМ эскертет: сактык — сиздин мүлкүңүздүн сакталышынын кепилдиги. Турак жайга уруксатсыз кирүү аракеттери же башка шектүү иш-аракеттер байкалган учурда ички иштер органдарына 102 кыска номуру аркылуу тез арада кабарлаңыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер