facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

18.06.2025

Кызматтагы баатырдык: Кадамжайдагы милиция кызматкери өспүрүм кыздын өмүрүн сактап калды

Баткен облусунун Кадамжай РИИБдин кызматкери милициянын майору Азамат Ахунов 15 жаштагы кызды суудан куткарып калган.

Жаш кыздын Исфайрам дарыясына агып баратканын көрүп, жергиликтүү тургундар милицияга кайрылышкан. Ошол учурда кызмат өтөп жүргөн кызматкер коркпостон сууга секирип, эс-учун жоготкон кызды куткарып биринчи жардам көрсөткөн.

Кыздын ата-энеси жана жакындары милиция кызматкерине рахматын айтышты.

Бүгүн, көрсөткөн кайратмандык жана эрдиги үчүн милициянын майору Азамат Ахуновго Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү медаль тапшырып, ыраазычылык билдирди.

Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо - ички иштер органдарынын негизги милдеттеринин бири экендигин билдирет. Мындай эрдиктер жана ыкчам аракеттер тартип сакчыларынын өз ишине болгон жоопкерчилигин, кесипкөйлүгүн жана баатырдыгын тастыктайт.

Пайдалуу шилтемелер