18.06.2025
1-июлдан тарта автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып пул салынат
2025-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жок айдоочуларга айып пул салына баштайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 1-июлунан тарта автотранспорт каражаттарынын ээлери автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) полисин албаса, анда аларга айып пул салынат.
Полис алуу үчүн керектүү документтер:
- келишим түзүү жөнүндө арыз;
- паспорт, аскердик билети же айдоочулук күбөлүк (жеке жактар үчүн);
- юридикалык жактын каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк (техпаспорт);
- диагностикалык карта (эгерде бар болсо);
- транспорт каражатына ээлик кылуу укугун тастыктаган документ же ээлик кылуу укугу камтылган ишеним кат.
Айып пулдун өлчөмү:
- жеке жактарга — 3 000 сом;
- юридикалык жактарга — 13 000 сом.
Тарифтер жана камсыздандыруу суммалары:
- адам өмүрүн алган учур катталса— 300 000 сомго чейин;
- жаракаттар — 100 000 сомго чейин;
- мүлккө зыян келтирүү — 150 000 сомго чейин.
Негизгиси:
1. Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруунун базалык наркы — 1680 сомдон баштап;
2. Төлөмдөр үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабат;
3. Кенемте — 100 000 сомдон 150 000 сомго чейин.
Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу полиси менен сиз өзүңүздүн унааңызды гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын мүлкүн жана ден соолугун да коргойсуз.
ИИМдин Басма сөз кызматы