18.06.2025
ИИМдин БМЖККК жаштар менен биргеликте баңгизат колдонуунун алдын алууну күчөтүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө
2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң залында «Кыргызстандын жаштар кыймылы» коомдук бирикмесинин жылдык отчёттук жыйыны болуп өттү. Ага Министрлер Кабинетинин, күч түзүмдөрүнүн жана тийиштүү министрликтердин, жогорку окуу жайлардын, студенттик коомчулуктун жана өлкөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурлан Турусбеков, өз сөзүндө жаштардын, билим берүү мекемелеринин жана жарандык коом институттарынын активдүү катышуусу жок баңгизат колдонуунун алдын алуу мүмкүн эмес экендигин баса белгиледи.
Өзгөчө басым эрте укуктук мыйзамдуулук боюнча сабаттуулукту жогорулатууга, өспүрүмдөр менен студенттер арасында баңги коркунучтарына каршы туруктуу иммунитетти калыптандырууга, ошондой эле тыюу салынган заттардын, айрыкча интернет мейкиндигинде жайылышына каршы биргелешкен аракеттерге жасалды.
Сөз сүйлөгөндөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, анын орун басары Марат Тагаев, Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана Жогорку Кеңештин депутаттары да болду.
Иш-чаранын алкагында ИИМдин БМЖККК менен "Кыргызстан Жаштар кыймылы" коомдук бирикмесинин ортосунда өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул документ тараптардын баңгиликке каршы алдын алуу чөйрөсүндө сергек жана жоопкерчиликтүү муунду калыптандырууга багытталган системалуу жана туруктуу иш алып баруу ниетин бекемдеди.
Съезд ачык жана жемиштүү сүйлөшүүлөр менен өтүп, жаштар өлкөбүздүн келечеги гана эмес, азыркы күндүн да активдүү катышуучулары экенин дагы бир жолу далилдеди.