facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

18.06.2025

Ички иштер министрлигинде 6 айды ийгиликтүү жабуу жана кызматтык тартипти чыңдоо боюнча аппараттык кеңешме өттү

2025-жылдын 18-июнунда Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан биринчи жарым жылдыкты ийгиликтүү жабуу жана кызматтык тартипти чыңдоо боюнча онлайн аппараттык кеңешме өткөрдү. Ага ички иштер министринин биринчи  орун басары, ички иштер министринин орун басарлары жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Аппараттык кеңешменин башында Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурду. 

Ошондой эле ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын ишине токтолуп, алардын жоопкерчилигин жана милдеттерин мыкты аткаруу маанилүүлүгүн баса белгиледи.Андан тышкары,  коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды алдын алуу жана ички иштер органдарын санариптештерүү багытында бир топ иштер жасалганын айтты.

Өз кезегинде аппараттык кеңешмеге катышкан жетекчилер да өз багыттары боюнча маалымат беришип, аткарган иштери тууралуу баяндама жасашты.

Ошону менен бирге, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кызматтык тартипти чыңдоо маселеси талкууланып, Улан Ниязбеков жетекчилерди кызматтык тартипти чыңдоого, мыйзамдуулукту бекем карманууга, коомчулук менен ачык байланыш түзүүгө жана элдин ишенимин арттырууга чакырды.

“Ар бир жетекчи, өзүңүздөр жооптуу болгон аймактарда жогоруда аталган себептердин пайда болушуна жол бербей, конкреттүү иш-чараларды уюштуруп, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар.

Эгерде, милиция кызматкерлери пара албай, таза иштеп, тескерисинче пара сунуштагандарды өздөрү кармап, мыйзам чегинде жоопко тартышса, анда элдин ишеними жогорулайт.

Жабыр тарткан адамдарга оройлонбой, ыкчам жардам берип, жогорку маданияттуулук менен милициянын мыкты жагы көрсөтүлсө, анда элдин баары, ыраазычылыктан башка эч нерсе айтышпайт.

Катталган кылмыштардын бетин ыкчам ачып, кылмыш жасаган адамдар жоопко тартылып, чындык орнотулса, анда жалпы коомчулук милицияны колдоп, ар тараптан көмөк көрсөтөт.

Анткени, биздин элибиз айкөлдүктү, боорукердикти жана калыстыкты бийик туткан, жалаң гана жакшылыкты тилеп, тынчтык, ынтымак деген улуу баалуулуктар менен жашаган эл экендигин - эч качан эсиңиздерден чыгарбаңыздар”, - деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Аппараттык кеңешменин аягында ички иштер органдарынын жетекчилерине тапшырмалар берилди. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер