17.06.2025
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма чет өлкөлүк валютаны сатуу каналына бөгөт коюшту
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жасалма акча жасоого байланышкан кылмыштардын алдын алуу боюнча ыкчам иш-чараны өткөрүштү. Анын натыйжасында, жасалма акча белгилерин сатууга шектелген жаран кармалды.
Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары жасалма 50 000 миң АКШ долларын сатуу үчүн сатып алуучуларды издеп жаткан адам тууралуу ыкчам маалымат алышкан.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүмү (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун тургуну 2003-жылы туулган Э.Ж. кармалган.
Далил катары андан жасалма 400 АКШ доллары алынган. Алынган купюралар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алынган маалымат боюнча жасалма акчалар чет өлкөлөрдөн алынып келинген. Жасалма чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктоо боюнча мындан аркы иштер жүрүп жатат.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.