14.06.2025
Коопсуздук жана экология: Ысык-Көл облусунда милициянын иши активдүү уланууда
Туристтик мезгил учурунда Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздоого гана эмес, аймактын өзгөчө жаратылышын коргоого да өзгөчө көңүл бурууда. Туристтик-экологиялык милиция жана облустук Ички иштер башкармалыгынын башка түзүмдөрү тарабынан мыйзам бузуу учурларынын алдын алуу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар күчөтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Президент Садыр Жапаровдун жаратылышты коргоо жана коомдук коопсуздук тармагындагы Жарлыктарын ишке ашырууну улантууда.
Милиция кызматкерлери күн сайын көлдүн жээгинде, булуңдарда жана дарыялардын куймасында рейддик иш-чараларды өткөрүшөт — дал ушул аймактарда экологиялык мыйзам бузуулар көп катталат. 2025-жылдын 1-июнунан 12-июнуна чейин Ысык-Көл облусунда 109 синтетикалык балык уулоочу торлор алынган. Жарандар өз ыктыяры менен 22 кайык тапшырып, дагы 6 кайык тинтүү учурунда алынган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде 12 кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүп жатат.
Буга чейин мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген айрым жарандар өз ыктыяры менен шаймандарын тапшырып, мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотууга даяр экендиктерин билдиришкен.
Ички иштер министрлиги жаратылышты коргоо маселелеринде туруктуу жана чечкиндүү позицияны ээлейт. Экосистемага зыян келтирген мыйзам бузуулар көз жаздымда калбайт - ар бир факт боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөт.
ИИМдин Басма сөз кызматы