14.06.2025
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Таластагы милиция бөлүмдөрүнүн курулуштарын текшерди
13-июнда Талас облусуна Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жумушчу сапары менен келди. Ал Ички иштер министирлиги тарабынан каржыланып, курулушу жүрүп жаткан Манас, Айтматов, Талас РИИБдин жаңы имараттарынын жана спорт залдарынын курулушу, Бакай-Ата РИИБдин имаратынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшү менен таанышты. Милиция бөлүмдөрүндөгү иш-чарага Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, район акимдери дагы катышышты.
Октябрь Урмамбетов милиция бөлүмдөрүнүн имараттарынын курулушу сапаттуу жүргүзүлүп, элге сервистик тейлөө көрсөтүүдө кызмат кыла турганын белгиледи. Жаңы имараттардын салынышы жер-жерлерде инфраструктуранын жакшырышына жана райондун кооздугуна көрк кошоорун айтты. Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланып жаткан имараттарда заманбап бардык шарттар каралганын жана өздүк курамдын толук кандуу иш алып баруусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн кошумчалады.
40 миңге жакын калкты тейлеген Манас РИИБдин эки кабаттуу имаратынын жалпы аянты 750 чарчы метрди түзөт. Мындан сырткары кызматкерлердин дене тарбиясын жакшыртууга багытталган 470 чарчы метрди түзгөн спорт залдын курулушу жүрүп жатат.
70 миңден ашуун калкты тейлеген Айтматов РИИБдин жаңы үч кабаттуу имаратынын жалпы аянты 1080 чарчы метрди түзөт. Имарат ичинде медициналык пункт, административдик камера, эркектер, аялдар жана жаш балдарды өзүнчө убактылуу кармоочу жайы бар. Милиция бөлүмүнүн 2 кабаттуу эски имараты дагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кошумча имарат катары пайдаланылат. Мындан сырткары үстү жабык типтеги кичи футбол аянтчасы жана "Бирдиктүү терезе" бөлмөсү курулуп жатат.
1972-жылы “Победа” колхозу үчүн салынып, бир да жолу ремонттон өтпөй эскилиги жеткен Бакай-Ата РИИБдин имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. 2024-жылдын октябрь айында ремонт иштери башталып, жумуш бөлмөлөрү, жыйындар залы оңдолуп, пластик терезелер, заманбап эшиктер коюлду. Имараттын сырткы көрүнүшү кооздолуп, астына асфальт басылып, автоунаа токтоочу жайлар жасалууда. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу жана "Бирдиктүү терезе" бөлмөлөрү курулушу жүрүүдө.
70 миңден ашуун калкты тейлеген Талас РИИБдин жаңы эки кабаттуу имаратынын жалпы аянты 423 чарчы метрди түзөт. Милиция бөлүмүнүн эски имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы салынып жаткан имарат менен кошулду. Мындан сырткары 288 чарчы метр спорт залдын курулушу жүрүп жатат.
Белгилей кетсек милиция имараттарынын курулуштарына 2024-жылдын 20-майында капсула салынган.
ИИМдин Басма сөз кызматы