facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

10.06.2025

Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн заманбап жаңы имараты ачылды

2025-жылдын 10-июнь күнү Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн  заманбап жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. 

Ачылуу аземине ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, милиция кызматкерлери жана ардагерлер катышты.  

Эркебек Аширходжаев милиция кызматкерлерине түзүлгөн бардык шарттары менен таанышып чыгып, жаңы имарат кызматкерлер үчүн заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылганын баса белгиледи.

“Бул имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Аймактардагы ички иштер органдарынын өздүк курамына түзүлүп жаткан шарттар милициянын ишмердүүлүгүн жогорулатууга, эл менен ишенимдүү мамиледе болууга, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алууга чоң өбөлгө түзөт деп ишенемин.”-деди министрдин орун басары. 

Андан соң, Эркебек Аширходжаев имаратты курууга салымын кошкондорго ИИМдин жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдирип, ИИМдин сыйлыктарын тапшырды.

Белгилей кетсек, Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты Ички иштер министрлигинин алдындагы Курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан курулуп бүтүп, ишке берилди. Имарат 3 кабаттан турат.  Жалпы 22 бөлмөдөн турат.  Ошондой эле, нөмөт бөлүгү, кеңсе, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү,  административдик камера бар. Заманбап технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Жаңы салынган имаратка чейин Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы өзүлөрүнө тиешелүү имараты болбогондуктан, Өзгөн шаарынын мэриясына тиешелүү имаратта убактылуу иштеп келишкен.

Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери бир шаар жана эки айыл аймагын тейлешет, калктын саны 90 000 адам.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер