facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

10.06.2025

Кыргызстан менен Россиянын ички иштер министрликтери баңгикоркунучу менен күрөшүү боюнча кызматташууну талкуулашты

2025-жылдын 10-июнунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев   Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин делегециясы менен жолугушту. Ал делегацияны Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары полициянын генерал-майору Дмитрий Бузан жетектеп келген.   

Жолугушуу учурунда Нурбек Абдиев Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы  менен  Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын өз ара аракеттенүүсүн жана биргелешип жүргүзгөн иштеринин деңгээлин жогору баалады. Синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү каражаттардын жайылуусу, аларды Интернет аркылуу сатууга байланыштуу баңгикоркунучунун өсүп жатканын эске алуу менен, бул багытта мындан аркы кызматташууну улантууга чакырды.

Мындан сырткары,  Россия Федерациясынын  аймагында эмгектенип жүргөн мигранттардын арасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартууга бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чараларды улантуунун маанилүүлүгү белгиленди. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер