09.06.2025
ИИМдин отставкадагы полковниги Бакытбек Джеентаев дүйнө салды
Узакка созулган оорудан кийин милициянын отставкадагы полковниги Джеентаев Бакытбек Аблабекович дүйнө салганын терең кайгыруу менен билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Бакытбек Аблабековичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Анын жашоосу Мекенге жан аябастык менен кызмат кылуунун, жогорку кесипкөйлүктүн жана милдетке берилгендиктин үлгүсү болгон. Ал ар дайым кесиптештеринин эсинде ак ниет, чынчыл жана урматтуу адам катары калат.
Бакытбек Аблабекович кызмат өтөгөн жылдары Ички иштер органдарынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Анын эмгеги, билими жана тажрыйбасы бир нече муундагы кызматкерлерди мыйзамга кызмат кылуу жолун тандоого шыктандыруу үчүн негиз болду.
ИИМдин Басма сөз кызматы