facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

05.06.2025

ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери арасында кыргыз күрөш боюнча биринчилик өттү

2025-жылдын 4-5-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы “Динамо” Түштүк спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери арасында кыргыз күрөш боюнча биринчилик болуп өттү.

Спорттук иш-чарага жалпысынан 7 команда катышып, балбандар 66, 72, 76, 84, 90, 96 жана 96 кг жогору салмактагы категориялар боюнча күч сынашты. Кыргыз күрөш боюнча таймаш жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар күч-кубат, эрк жана мекенчилдик дух менен таймашка чыгышты.

Жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар менен сыйланышты. Командалык эсеп боюнча жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:

1-орун – Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы

2-орун – Кадрлар башкы башкармалыгынын командасы

3-орун – Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын командасы

Жеңүүчү командаларга Кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мындай иш-чаралар кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого, мекемелер аралык ынтымакты бекемдөөгө жана улуттук спорт түрлөрүн жайылтууга чоң салым кошот.

Пайдалуу шилтемелер