01.06.2025
Ысык-Көлдө браконьердик шаймандар жаңы техниканын жардамы менен алынды
Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлгөн алдын алуу түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө, туристтик жана экологиялык милициянын кызматкерлери көлдөн бир нече чакырымга созулган браконьерлик торлорду, ошондой эле тыюу салынган балык уулоочу куралдарды алышты.
Иш-чара жаңы адистештирилген техниканын колдонулушу менен өткөрүлүп, бул мыйзамсыз орнотулган капкандарды натыйжалуу аныктап, алып салууга мүмкүнчүлүк берди.
Милиция айрыкча жайкы курорттук мезгилде айлана-чөйрөнү коргоо жана балык уулоо тармагындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы