facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.06.2025

ИИМ балдарга майрамдык маанай тартуулады

ИИМ балдарга майрамдык маанай тартуулады
ИИМ балдарга майрамдык маанай тартуулады
ИИМ балдарга майрамдык маанай тартуулады
ИИМ балдарга майрамдык маанай тартуулады

Бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы "чоң дүйнөнүн кичинекей баатырлары!" өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн майрамдык иш-чара уюштурду. Майрам "Билимкана" мектебинде өтүп, ондогон балдардын, алардын ата-энелеринин, тарбиячылардын, артисттердин жана расмий адамдардын башын бириктирди.

Катышуучуларга саламдашуу сөзү менен ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев кайрылып, андан соң "Ар бириңиздер уникалдуусуздар. Сиздер сүйүүгө, урматтоого жана чыныгы достукка татыктуусуздар. Биз чоңдор ар дайым жардам берип, коргоп, жаныңыздарда болобуз",-деп балдарга жылуу сөздөрүн айтты.

Ардактуу меймандардын катарына "Билимкана" жана "Учур эл аралык мектеби" мектептеринин негиздөөчүсү Элнура Осмоналиева, Жогорку Кеңештин депутаттары Маматалиев Марлен, Аскар Алмаз уулу, Рамина Идырова, ошондой эле чыгармачыл, медицина тармактарынан келген  өкүлдөр жана меценаттар катышты.

Иш-чаранын максаты-балдарга кубаныч, көңүл буруу  тартуулап, жанында ар дайым колдоого жана коргоого даяр болгон чоңдор бар экендигин эскертүү. 

Майрамдын соңунда балдарга белектер, таттуулар, дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды.  ИИМ катышуучуларга таттуу татымдарды тартуулады. Бул күн көңүл буруунун жана аярлуу катмарга кам көрүүнүн эң сонун мисалы болду. ИИМ ар бир баланын коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча ишти улантат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер