01.06.2025
Өлкөбүздө ар кыл себептер менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандар!
Сиздерге 10-июнга чейин документтериңиздерди тууралап алууга мүмкүнчүлүк берилди.
Мисалы, Кыргызстанга окуу визасы же туристтик виза менен келип бирок иштеп жүрсөңүз да эч чоочулабастан 10-июнга чейин аны иш визасы кылып өзгөртүп алсаңыз болот.
Ал үчүн эч кандай жаза же айып пул дагы төлөбөйсүз. Биздеги маалымат боюнча окууга деп келип, же турист катары келип ар кыл кызмат көрсөтүү иштерине (курьер, тикмечи, бычмачы, курулушчу ж.б) орношуп алган чет элдик жарандар бар. Же болбосо эмгек визасы менен келип, бирок мөөнөтүн узартпай калгандар бар. Дал ошолорго документтерин тууралап алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.
Ал үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине кайрылып өлкөбүздүн аймагында кылмыш кылбаганы тууралуу справка алсаңыздар жетиштүү. Ошол справка менен Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине кайрылып, визаларын тууралап алса болот.
Электрондук виза үчүн www.evisa.e-gov.kg. сайты иштеп жатат.
Ал эми жалпы чет өлкөлүк жарандар жүрүү режимине ылайык тийиштүү документ тариздөөсү зарыл (каттоо, виза ж.б.)
Ушул жерден чет элдик жарандарды иштетип жүргөн ишкерлерибизге да кайрылат элем. Тикмечилик, курулуш, товар жеткирүү же башка кайсыл жумушка алсаңыздар да алардын документтерине көңүл буруп койсоңуздар.
Он киши, же жүз киши иштетесиңерби айырмасы жок. Мурдагыдай бир мекемеде жумушчулардын жыйырма пайызы гана чет элдик болушу керек деген талап жок. Азыр жумушчуларыңар толук чет өлкө жарандары болсо да чектөө жок.
Башкысы чет элдик жумушчулардын Кыргызстанда жүрүүсү мыйзамдуу болушу керек.
Жогоруда айтылгандай визасы окуу үчүн же туристтик болуп, бирок иштеп жүрсө, же эмгек визасынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда тез арада документтерин туураласын.
Бул үчүн аларда 10-июнга чейин убакыт бар экенин түшүндүрүңүздөр. Иш берүүчүлөрдө дагы жоопкерчилик бар экенин унутпаңыздар.
10-июндан кийин рейддер жүрөт. Мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер депортация болот. Башкача айтканда өлкөдөн чыгарылат.
Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсыңыздар мүмкүн:
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: 0999 312 002 (24/7), 0312 66 30 70, 0703 42 88 65,;
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги: 0312 66 39 64, 0509 99 97 79;
Ички иштер министрлиги: 0312 26 61 70, 0702 82 80 28, 0700 84 84 40;
«Кызмат» МИ (каттоо боюнча суроолор): 0312 38 00 98, 0999 38 00 25, 119.