facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

31.05.2025

Кылым карыткан ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматына — 101 жыл

Кылым карыткан ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматына — 101 жыл

31-майда укук тартибин камсыз кылуу тутумундагы негизги бөлүктөрдүн бири болгон  Ички иштер министрлигинин Эксперттик — криминалисттик кызматынын түзүлгөнүнө 101 жыл толду.

Кылмыштарды ачуунун башатында турган кызмат мурдагыдай эле тергөөнүн тиреги болуп кала берет. Криминалисттер окуя болгон жерге биринчилерден болуп келип, окуялардын жүрүшүн кадам сайын калыбына келтиришет. Алардын иши өтө тактыкты, кыраакылыкты жана кесипкөйлүктү талап кылган көзгө көрүнбөгөн фронт. Аларда ар бир кичинекей нерселер чечүүчү ролду ойнойт. 

Эксперттик-криминалистикалык кызматтын тарыхы 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн алдында биринчи криминалистикалык лаборатория түзүлгөн күндөн башталат. Ошондо адистердин карамагында камера, микроскоп жана өз миссиясынын маанилүүлүгүнө бекем ишеним гана болгон.

Бүгүнкү күндө бул заманбап техникаларды жана технологияларды өздөштүргөн жогорку квалификациялуу адистерди бириктирген күчтүү түзүм. Кызмат экспертизанын ар кандай түрлөрүн: дактилоскопиялык, баллистикалык, трасологиялык, кол жазма, жаралма жана ыргытылма куралдарды изилдөө, ошондой эле баңги каражаттарды жана прекурсорлорду талдоо жүргүзөт.

Эксперттик-криминалистика кызматы заман талабына шайкеш келүү үчүн инновациялык илимий жетишкендиктерди жана техникалык каражаттарды күнүмдүк ишке киргизүү аракетинде.  Алардын талыкпаган эмгегинин аркасында эң татаал жана резонанстуу кылмыштар ачылат.

Кызматтын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Тактыгыңыз, берилгендигиңиз жана жогорку профессионалдуулугуңуз үчүн рахмат!

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер