facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

30.05.2025

КР ИИМдин БМЖКККнын Кинология борборунун командасы Россиядагы XIII Эл аралык илимий-практикалык конференцияда жана кинологдордун турниринде байгелүү орундарды ээледи

2025-жылдын 19-26-май күндөрү — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинология борборунун жыйнагы Россиянын ИИМине караштуу Ростов кызматтык-издөөчү иттер мектебинде өткөн XIII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга жана О.В. Ильинский атындагы кинолог адистердин көп түрлүү таймашына катышты.

Иш-чараларга ар кайсы өлкөлөрдөн келген алдыңкы кинологдор катышты. Кыргыз делегациясы бул кадыр-барктуу форумга биринчи жолу катышып, дароо эле жогорку жыйынтыктарды көрсөттү.

Көп түрлүү таймашта төмөнкү кызматкерлер өзгөчө айырмаланды:

-Милициянын улук лейтенанты Бурканов Арстанбек “Афур” аттуу ити менен — баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун издөө жана белгилөө номинациясында II орун.

-Милициянын улук лейтенанты Утаев Жават “Марта” аттуу ити менен — адамдын жыт изи боюнча издөө дисциплинасында II орун.

-Милициянын кенже лейтенанты Онолбеков Ниет “Зевс” аттуу ити менен — жарылуучу заттарды, жардыргыч түзмөктөрдү, курал жана ок-дарыларды издөө жана белгилөө категориясында III орун.

Команда жогорку кесипкөйлүк деңгээлин жана өздөрүнүн төрт буттуу өнөктөштөрү менен болгон мыкты өз ара аракетин көрсөттү. Калыстар тобу кыргыз адистеринин көрсөткүчтөрүн жогору баалашты.

Жыйынтыгында команда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жеңишке болгон эркке кошкон салымы үчүн диплом менен сыйланды.

Бул катышуу Кыргыз Республикасынын кызматтык кинология жана укук коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык беделин чыңдоодо маанилүү кадам болду.

Пайдалуу шилтемелер