30.05.2025
Ички иштер министрлиги туристтик мезгилге толугу менен даяр (видеорепортаж)
Быйылкы жылдын жайкы туристтик мезгилинде Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук тартип жана жол кыймылынын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалат.
Жалпы республика боюнча ички иштер органдарынын 12 миңден ашуун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Эс алуучу аймактарда, коомдук жайларда, көчөлөрдө, трассаларда жана башка мерчемдүү участоктордо, асмандан жана жерден көзөмөлдөө иштери жүргүзүлөт.
Өздүк курам 100 пайыз жаңы үлгүдөгү формалар менен камсыздалды. Алар, боди-камераларды, планшеттерди, заманбап жабдыктарды пайдаланып, жаңы үлгүдөгү унааларды колдонуп, бардык коопсуздукту камсыздашат. Анын ичинде, санариптик технологиялар менен жабдылган “АвтоУраган” унааларынан баштап, алыска учуучу дрондор, катуу толкундарга туруштук берүүчү катерлерге чейин жүздөгөн жаңы техникалар менен иш алып барышат.
Жалпы эс алуучулардын, анын ичинде чет элден келген коноктордун коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу максатында асмандан жана жерден көзөмөлдөө функциялары күчөтүлдү.
Көлдүн жээгинде баары 24 саат бою жөө кайгуулдар, квадроциклдер менен жүрүүчү күзөттөр аркылуу тынымсыз көзөмөлгө алынып, жардам сурап кайрылган жарандарга жеринде сапаттуу сервистик тейлөө иштери көрсөтүлөт.
Ал эми, тоолуу региондордо жолтандабас унаалар жана аттар менен жүрүүчү кайгуулары уюштурулду.
Жакында эле, өлкө башчысы Садыр Жапаров жеке колдоосу менен “Бирдиктүү коопсуздук кызматы” түзүлүп, ишке киргизилип, жеке фондунан 144 миллион сом акча-каражатын бөлүп берди. Аталган кызматтын курамына:
Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар, Транспорт жана коммуникациялар, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрликтери кирип, алар Ички иштер министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып барышат.
Жалпылап айтканда, быйылкы жылдын жайкы туристтик мезгилин коопсуз жана тынч өткөрүү ички иштер органдарынын башкы максаты.