facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

30.05.2025

Улан Ниязбеков туристтик мезгил учурундагы коомдук коопсуздукту камсыздоо даярдыгын текшерди

2025-жылдын 30-майында Чолпон-Ата шаарында ички иштер органдарынын өздүк курамынын  туристтик мезгил учурундагы коомдук коопсуздукту камсыздоо даярдыгын текшерүү максатында гарнизондук бөлүштүрүү өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев,  Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басары, милициянын генерал-майору  Октябрь Урмамбетов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Жетигенов, республиканын аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери, элдик кошуундун мүчөлөрү жана өздүк  курам катышты.

Гарнизондук бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги туризм багытындагы Жарлыкты так аткарууга жана жайкы туристтик мезгилди коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө толугу менен даяр экендигин маалымдады.

 “Бардык туристтик аймактарга Ички иштер министрлигинен баштап, жер-жердеги шаардык, облустук, райондук ички иштер органдарынын жооптуу жетекчи курамдагы кызматкерлер бөлүнгөн. Аны менен бирге, кылмыштуулукту жана эл арасында резонанс жараткан фактыларды болтурбай, укук бузууларга бөгөт  коюу ишмердигин күчөтүлгөн тартипте алып барууну уланта беребиз демекчимин.

Ошондой эле,  туристтик мезгил учурунда, жергиликтүү жашоочуларга жана чет өлкөдөн келген туристтерге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, коопсуздук шарттарын жакшыртуу үчүн, “Туристтик-экологиялык батальон” түзүлүп, жакында эле ишке киргизилди. Бул кызматкерлер, бир нече чет тилдерде эркин сүйлөй алган, ар түрдүү кырсыктарды алдын алууга атайын даярдыктардан өткөрүлгөн, туризм тармагы боюнча бардык маалыматтарды алып жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар,  офицер курамындагы кызматкерлер болуп эсептелет”,- деп билдирди өз сөзүндө ИИМ башчысы. 

Андан соң, ички иштер органдарынын даярдыгы текшерилип, ата-мекендик өндүрүштөгү жолтандабастарды, квадроциклдерди, кичи автобустарды,  атайын чиркегичтери менен сууда жүрүүчү заманбап катерлерди, кар үстүндө жүрүүчү унааларды,  жаңы заманбап техникаларды көрүп чыгышты. 

Белгилей кетсек, ички иштер органдарынын күч каражаттарынын эсеби түзүлүп, жайкы туристтик мезгилде курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелери жана элдер көп эс алуучу жайлардын аймагында коомдук тартипти 5 миңден ашык милиция кызматкерлери жана 1000ден ашык элдик кошуундун мүчөлөрүнүн иш алып барат. 

Жайкы туристтик мезгил учурунда жарандардын коопсуздугун жана тартипти сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлдү. 

Кызматтык тартипти жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо максатында, жайкы туристтик мезгилге Ысык-Көл облусунун ИИБдин кызмат жетекчилеринен жана улук офицердик курамынан турган офицердик кайгуул уюштурулат.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун аймагындагы чет мамлекеттен келген эс алуучулардын кайрылуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында “Саll борбору” ачылып, 24 саат боюу 4 тилде жооп берет. 

ИИОнун өздүк курамына күн сайын мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен маданияттуу, сылык мамиле жасоо жөнүндө нускамалар өтүүдө.
 
Пайдалуу шилтемелер