facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

30.05.2025

Жергиликтүү деңгээлде диний саясатты ишке ашыруу жана экстремизмге каршы туруу боюнча тренингдер өткөрүлдү

Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын алкагында “Жергиликтүү деңгээлде диний саясатты ишке ашыруу жана экстремизмге каршы туруу” темасында окутуучу тренингдер өткөрүлдү. Иш-чара “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Тренингге Бишкек шаарынын райондорунун айыл өкмөттөрүнөн келген катышуучулар тартылды. Катышуучулардын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана социалдык кызматтардын өкүлдөрү, диний ишмерлер, мугалимдер жана медицина кызматкерлери кирди.

Окутуу программасы мамлекеттик диний саясаттын негизги багыттарын, экстремисттик тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу боюнча практикалык ыкмаларды, ошондой эле радикал идеологиялардын психологиялык таасир механизмдерин талдоону камтыды.

Тренингдин максаты – катышуучулардын диний эркиндик, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарды түшүнүүсүн тереңдетүү, жергиликтүү деңгээлде алдын алуу иштерин уюштуруу боюнча көндүмдөрдү бекемдөө, радикалдашуу коркунучтарын таануу жана экстремисттик идеологияларга туруктуулукту калыптандыруу болду.
Иш-чаранын алкагында ИИМдин ЭММКАК оперкызматкери катышып, практикалык сабактарды өткөрдү. Ал өз сөзүндө радикалдашуу белгилерин жеринде аныктоого байланыштуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ведомстволор аралык кызматташтык жана калктын аярлуу катмарлары менен иштөө боюнча бир катар сунуштарды берди.

Бул тренингдер жергиликтүү деңгээлде экстремизмдин алдын алууга багытталган системдүү аракеттерди колдоого жана жамааттык деңгээлде коопсуздукту чыңдоого салым кошту.
 
Пайдалуу шилтемелер