facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

28.05.2025

Коррупция фактысы боюнча Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды

Коррупция фактысы боюнча Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды
Коррупция фактысы боюнча Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды

2025-жылдын 27-майында ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын мурдагы мэри Баткен облусунун тургуну 1960-жылы туулган И.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупциялык аракеттерди жасоого шектелип кармалды. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош шаарынын Масалиев проспектиси (мурда Кыргызстан көчөсү) дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин Ички аскерлеринин балансына өткөрүлүп берилгени аныкталган. Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмок — үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүү укугу жок. Бирок, буга карабастан мыйзамдарды бузуу менен Ош шаарынын мэри И.Ж. тарабынан мыйзамсыз токтомдор чыгарылып, анын натыйжасында жер тилкеси мамлекеттин менчигинен чыгарылып, коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өткөрүлүп берилген. Бул аймакта кийин мейманкана курулган. 

Тергөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 72 009 000 сом зыян келтирилгени аныкталып, ал толугу менен кайтарылган.

 Мейманкана жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Учурда шектүү кармалып, процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет. 

 

Пайдалуу шилтемелер