28.05.2025
Россия Федерациясынын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык борборунун делегациясынын Кыргызстанга расмий иш-сапары
2025-жылдын 27-майынан 31-майына чейин Бишкек шаарында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык борборунун делегациясынын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматына расмий сапары өтүп жатат. Делегацияны Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык борборунун биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Павел Севастьянов жетектейт.
28-майда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев менен расмий жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү заманбап чакырыктарды жана криминалисттик экспертизалардын актуалдуу багыттарын эске алуу менен эки мамлекеттин эксперттик түзүмдөрүнүн ортосунда мындан аркы кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлду.
Иш сапардын жүрүшүндө россиялык делегация Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык борбору менен таанышып, КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборуна, ошондой эле Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын лабораториялык комплексине барат.
Мындан тышкары, КР ИИМдин Академиясында ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын профессордук - окутуучулук курамынын жана эксперттеринин катышуусунда тегерек стол өткөрүү мерчемделген.
Программа ошондой эле Академиянын музейине барууну камтыйт. Тегерек столдун алкагында инженердик-техникалык, курулуш-экономикалык экспертизалар, ошондой эле геномдук каттоо темалары боюнча илимий лекциялар жана талкуулар болот.
Сапар эки тараптуу кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууга жана эки өлкөнүн эксперттик бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
ИИМдин Басма сөз кызматы