facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.05.2025

Кыргызстанда “Акыркы коңгуроо” иш-чарасында одоно укук бузуулар катталган жок

2025-жылдын 26-майында республиканын бардык жалпы билим берүү мекемелеринде Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чарасы өттү. Бул өзгөчө күндө бүтүрүүчүлөр мектеби, мугалимдери жана балалыгы менен коштошту. 

Ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн алдын алуу жана бирдиктүү иш-чараларынын натыйжасында  массалык иш-чаралар тынч өтүп, одоно укук бузуулар катталган. Окуу жайларынын аймагында, ошондой эле эл жыш чогулган жерлерде коомдук тартипти камсыздоого ички иштер органдарынын 6000 кызматкери тартылды. 

 Аныкталган анча маанилүү эмес укук бузуулар боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери ыкчам чараларды көрүштү. Жалпысынан алганда кырдаал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 

Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн формалдуу эмес жолугушууларына жана сейилдөөлөрүнө байланыштуу, дагы деле коомдук тартипти камсыздоо боюнча иштерди улантууда.  Ата-энелерге жана мугалимдерге өспүрүмдөрдүн иш-чараларына дыкат көңүл буруунун жана укук коргоо органдары менен кызматташуунун манилүүлүгү жөнүндө эскертет. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер