26.05.2025
Бишкек шаарында жайгашкан түнкү клубдардын биринде профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
Борбор калаада жайгашкан түнкү клубдардын биринде ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кызматтык-издөөчү иттер менен биргеликте коомдук жайларда тыюу салынган заттардын таралышын жана колдонулушун алдын алуу максатында мерчемделген алдын алуу түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүштү.
Аталган текшерүү учурдагы мыйзамдардын алкагында жана бардык процессуалдык талаптарга ылайык жүргүзүлдү. Иш-чарага тыюу салынган заттарды аныктай ала турган атайын даярдыктан өткөн кызматтык иттер менен кинологдор тартылды. Айрыкча, адамдар көп чогулган аймактарга — бий аянтчасы, VIP-аймактар жана санитардык бөлмөлөргө — өзгөчө көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында:
• Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок
• Клубдун коноктору менен баңгизаттарды колдонуу жана сактоо, таратуу үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
• Түнкү мекеменин жетекчилигине мекеменин аймагында тыюу салынган заттарды колдонууга жана таратууга жол берилбеши керектиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берилди.
Мындай иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыздоого, дени сак коомдук чөйрөнү түзүүгө жана жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган. ИИМдин БМЖККК эскертет: баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатуу үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралган.
ИИМдин Басма сөз кызматы