24.05.2025
Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Каражыгач багында ишембилик өткөрүштү
Бүгүн, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Каражыгач багында өткөн ишембиликке активдүү катышышты. Иш чарага министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кошулушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери таштандыларды чогултуп, жолдорду тазалашты жана жашыл аймактарды жөнгө салышты.
Мындай иш-чаралар айлананы иретке келтирүүгө гана жардам бербестен, биргеликтөө иштөөнүн духун жогорулатат. Ишембиликке катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз, биргелешип шаарыбызды таза жана кооз кылабыз!