facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.05.2025

Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрлери миграциялык саясат маселелерин талкуулашты

Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркия Республикасынын Ички иштер министри Али Ерликая менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар миграциялык саясатка байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл эмгек миграциясын жөнгө салуу, Түркиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны алдын алуу жана мигранттардын укуктарын коргоо чараларына өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында министрлер эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоого жана бардык деңгээлдерде конструктивдүү маекти улантууга кызыктар экендиктерин тастыкташты.

Пайдалуу шилтемелер