facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.05.2025

Кыргызстандын ички иштер министри Түрк мамлекеттеринин Уюмунун ИИМ башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Айрыкча көңүл маалыматтарды ыкчам алмашуу маселелерине, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, Түрк мамлекеттеринин Уюмунун мүчө мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик потенциалын бекемдөөгө, ошондой эле региондогу туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч-аракеттерди координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.

"Санарип доорундагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуп, ырааты менен ишке ашыруу үчүн, полиция жана ички иштер органдарынын өздүк курамынын санариптик тажрыйбасын жаңы көз караштагы калыпка салып, дүйнө жүзүндө болуп жаткан заманбап чакырыктарга туруштук берүү үчүн, кызматкерлердин билим-деңгээлин жогорулатуу жаатында, замандын талаптарына шайкеш келген ишмердикти алып баруу багыттары боюнча - аз убакыттын ичинде - көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Мындай ийгиликтер, биз жетектеп келе жаткан ар бир Ички иштер министрлигинде орун алды деп айтсам жаңылышпайм", - деди министр Улан Ниязбеков.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасы Түрк мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин Кеңешинин төрагалыгын Азербайжан Республикасына расмий түрдө өткөрүп берди.

Бул кыргыз делегациясынын Бакуга болгон сапары түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында укук коргоо тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды жана Кыргыз Республикасынын Түрк мейкиндиктеги коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча жалпы милдеттерди ишке ашырууга активдүү катышууга  умтулуусун тастыктады.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун Ички иштер министрлер кеңешинин биринчи жыйыны болуп өткөн.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер