facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.05.2025

ИИМ: Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун катуу көзөмөлдөйт

ИИМ: Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун катуу көзөмөлдөйт

Ички иштер министрлиги жол кырсыктарын алдын алуу үчүн ата-энелерден жана унаа тейлөө кызматынын ээлеринен бүтүрүүчүлөргө унааларды ижарага бербөөнү суранат.

Ички иштер министрлиги ата-энелерди бүтүрүүчүлөрдү рулга отургузбоого чакырат. Анткени, айдоочулук күбөлүгү жок болуп, жол кырсыгына кабылып, жаракат алышы толук мүмкүн.

Ошондой эле,  кортеж түзбөөгө, автоунаалардын терезелеринен чыкпоого, спирт ичимдиктерин ичпөөгө, коомдук тартипти бузбоого жана тыюу салынган жерлерде сууга түшпөөгө чакырабыз. Балдарга транспорт каражаттарын бербеңиз жана аларды көзөмөлсүз калтырбаңыз.

Эскертебиз, мас абалында унаа башкарган айдоочу 1 жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажырайт. Эгерде, айдоочулук күбөлүгү жок болуп унаа башкарса, анын транспорт каражаты айып төлөө короосуна токтотулуп,  айдоочуга айып пул салынат.

Ошондой эле, бул күндөрү милиция кызматкерлери республиканын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Коомдук коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.
 
Иш-чаралар аяктагандан кийин, ар кандай көңүл ачууларга байланышкан майрамдарга тыюу салынат.

Жаш өспүрүмдөрдү автобустарга, жүк ташуучу унааларга жана жеке унааларга отургузуп, тоолорго, токойлорго же парктарга алып барууга бөгөт коюлат. 

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер