22.05.2025
Олимпиада чемпионун эскерүү: ИИМде ок атуу жана кызматтык көп түрдүүлүк боюнча чемпионат өттү
2025-жылдын 19-майынан 22-майга чейин “Динамо” дене тарбия-спорт коомунун базасында Олимпиада чемпиону Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналган ок атуу жана кызматтык көп түрдүүлүк боюнча ИИМдин чемпионаты болуп өттү.
Мелдешке республика боюнча ички иштер органдарынын 13 курама командасы катышты. Спортчулар кичи калибрлүү мылтык, тапанча жана «Калашников» үлгүсүндөгү автоматы менен атышуу боюнча таймашып, кесиптик жана таамай атуу чеберчилигин, күжүрмөн духун көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалык орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орунга ээ болгон ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы кубок, 1-даражадагы Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды;
2-орунга ээ болгон ИИМдин ЖКККББнын командасы кубок, 2-даражадагы Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык алды;
3-орунга ээ болгон ИИМдин Академиясынын командасы кубок, 3-даражадагы Ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Чемпионат ички иштер органдарынын кызматкерлеринин биримдигинин, атаандаштык духунун жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга умтулуусунун айкын мисалы боло алды.
ИИМдин Басма сөз кызматы