19.05.2025
Ош облусунун Кара-Суу РИИБде болгон окуя боюнча кызматтык иликтөөнүн чечими кабыл алынды
Ош облусунун Кара-Суу РИИБде болгон окуя боюнча кызматтык иликтөөнүн чечими кабыл алынды
ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, чечим кабыл алышты.
Өздөрүнө коюлган кызматтык милдеттерин жетишээрлик деңгээлде алып бара албагандыгы үчүн ИИМдин буйругу менен ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду:
-Кара-Суу РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары милициянын майору Жоодат Бечелов; -Кара-Суу РИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын подполковниги Максатбек Мусаев;
-Кара-Суу РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары милициянын полковниги Самарбек Маматов.
ИИМдин Басма сөз кызматы