19.05.2025
Кезексиз коллегияда ички иштер органдарынын бир катар жетекчилери дайындалды
Бүгүн, 2025-жылдын 19-майында Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн кезексиз коллегиялык жыйын өттү. Анда коллегиянын чечими менен ички иштер органдарынын тергөө кызматтарынын жетекчилери дайындалды:
-милициянын полковниги Мирланбек Насиров ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын милдеттерин убактылуу аткармай болду;
-милициянын полковниги Мирбек Исагалиев ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды;
-милициянын полковниги Максат Абдымомунов ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын башчысынын милдеттерин убактылуу аткармай болду;
-милициянын полковниги Урмат Баялиев ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Тергөө кызматынын контролдоо-методикалык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды;
- милициянын полковниги Альтаир Исмаилов ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп дайындалды;
-милициянын полковниги Эшимкан уулу Нурдин ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын тергөө кызматынын башчысынын орун басары кызмат ордуна дайындалды;
-милициянын полковниги Чынарбек Майлыбеков ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызмат ордуна дайындалды;
-милициянын полковниги Сапарбек Аманкулов ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп дайындалды;
-милициянын полковниги Азамат Жумабаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп дайындалды.
Белгилеп кетсек, ИИМдин жетекчилигинин бул чечимдери башкармалыктардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү үчүн жетектөөчү курамды ротациялоо максатында жүргүзүлдү.