16.05.2025
Чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн жана аларды эксплуатациялоонун тартиби
2025-жылдын 3-майынан баштап Кыргызстанда чет өлкөдө каттоосу бар автоунаалардын кирүүсүнүн, ташып кирүүнүн жана эксплуатациялоонун жаңы тартиби иштеп баштаганын маалымдайбыз.
Бул тартипти бекитүү тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2025-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган.
Максаты-чет өлкөлүк автоунааларга көзөмөлдү күчөтүү, жолдордо коопсуздукту жогорулатуу, андан сырткары, транспорт каражаттарын мыйзамсыз кирүүсүн жана пайдаланууну жокко чыгаруу.
Мындай чаралар Евразиялык экономикалык союзга мүчө болгон айрым мамлекеттердин аймагынан автотранспорт каражаттардын көмүскө базарын, мыйзамсыз ташып кирүүнү жоюу максатында кабыл алынды.
Жаңы тартиптин маанилүү жобосу
1. Чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык каттамды өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.
2. Бардык чет өлкөлүк автотранспорт каражаттар тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумуна маалыматтарды киргизүү менен чек аралык таризделүүгө тийиш. Маалымат транспорт каражаттары издөөдө жүргөндүгүн аныктоо үчүн автоматтык түрдө ИИМдин тутумдарына түшөт.
Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумуна (ТМЭБС) маалыматтарды киргизүү үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жарандардын өз ара сапарлары жөнүндөгү эл аралык макулдашууларга ылайык, Мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна документ (транспорт каражатынын ээси жөнүндө маалыматтар);
б) транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк:
– каттоо (транзиттик) номуру;
– үлгүсү, модели;
– тиби (жеңил, жүк ташуучу);
– автотранспорт каражатынын идентификациялык номуру;
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн номуру.
3. Чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарына Мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык келишимдердин негизинде кирүүгө (ташып кирүүгө), чыгууга (ташып чыгууга) уруксат берүүдө ТМЭБСке кошумча төмөнкүдөй документтер киргизилет:
– ар кандай категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун тастыктаган документ (айдоочулук күбөлүк);
– транспорт каражаты ээси жок болгондо ошол транспорт каражатына ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугун ырастоочу документ.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарына башка мамлекеттин каттоочу номердик белгилери жана автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү бар – каттоодон алынбаган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына айдап кирүүгө (ташып кирүүгө) тыюу салынат. Жогорудагыларды автотранспорт каражаттарды Кыргыз республикасынын аймагына ташып кирүү үчүн башка мамлекеттин аймагынан каттоодон чыгарып, андан соң Кыргыз Республикасында каттоого коюу керек.
5. Чет өлкөлүк жарандар өздөрүнүн автотранспорт каражаты менен Мамлекеттик чек арадан өткөн учурдан тартып алты айга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында боло алат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин автотранспорт каражаты узактыгы отуз календардык күндөн кем эмес үзгүлтүксүз мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгарылууга тийиш. Бекитилген мөөнөт бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чара колдонулат.
транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароо – Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда, ошондой эле анын чегинен тышкары жерлерде транспорт каражаттарын жол кыймылына катышууга жол берүү максатында транспорт каражаттарынын конструкциясынын тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайыктуулугун контролдоо
6. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарын пайдаланууга автотранспорт каражаты техникалык кароодон өткөндүгүнүн фактысын тастыктаган колдонуудагы документ жана жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишими болгондо гана жол берилет. Бул талаптар Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда турган автотранспорт каражаттарына жайылтылбайт.
7. Чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн төмөнкүлөр керек:
- автотранспорт каражатын, чиркегичти мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- автотранспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси;
- стикер – мамлекеттин айырмалоочу белгиси (1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын 37-беренеси);
- автотранспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документ;
- автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими.
Ушундай тартип Казакстан Республикасында 2023-жылдын ноябрында киргизилгенин белгилеп кетүү керек.