facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

16.05.2025

Ички иштер министрлигинде ыкчам кызматтардын ишмердүүлүгү талкууланды

2025-жылдын 16-майында Ички иштер министрлигинин жыйындар залында ИИМдин ыкчам кеңешмеси өткөрүлдү. Анда кызматтык тартип бузуулар, ишмердүүлүктү чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана алардын натыйжалуулугу жөнүндө эки маселе каралды. 

Ыкчам кеңешме  ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин төрагалыгы алдында өттү. Ага ИИМдин борбордук аппаратынын ыкчам кызматтарынын жана кадр башкы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыктардын, алардын башкармалыктарынын, райондук–шаардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарлары катышышты. Ал эми, ички иштер органдарынын башка жетекчилери ыкчам кеңешмеге онлайн форматта катышты. 

Алгач, Нурбек Абдиев милиция кызматкерлеринин кызматтык тартибине, мыйзамдуулуктун абалына токтолуп, орун алган жетишкендиктер менен кемчиликтер боюнча өзүнүн пикирин айтты.   “Кызматтык тартип бекем сакталышы абзел.

Элге ак кызмат кылып, жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарыңыздар деп баарыңыздарды чакырып кетем. Ушуну эч качан эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Өздүк курамдын арасында орун алган кемчиликтер жана мыйзам бузуулар үчүн  жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн дагы бир жолу эскертип кетейин.”,- деди Нурбек Абдиев өз сөзүндө.

Андан соң, күн тартибинде экинчи маселе каралып, ишмердүүлүктү чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга токтолушту.  

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында ар бир жетекчинин алдына бир катар тапшырмалар берилип, кынтыксыз аткаруу керектиги эскертилди. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер