16.05.2025
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын ички иштер министрлигинин башкаруу Академиясынын башчысы Сергей Синенко менен жолукту
2025-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Россиянын ички иштер министрлигинин башкаруу Академиясынын башчысы, полициянын генерал-лейтенанты Сергей Синенко менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда министр Улан Ниязбеков эки тараптуу кызматташуу, бөлүмдөр ортосунда түзүлгөн өз ара аракеттенүү деңгээлин терең бааланаарын баса белгиледи.
“Заманбап жана жогорку стандарттар боюнча адистерди даярдоо, тажрыйба алмашуу, илимий жана практикалык иш-чараларга катышуу - мунун баары эки өлкө ортосундагы укук коргоо кызматташтыгын бекемдөө үчүн негиз болот.”-деди министр.
Жолугушуунун соңунда, тараптар өз ара кызматташуу, ачык-айкындуулук менен өз ара аракеттенүүгө жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.