15.05.2025
ИИМ: Опузалап пара алган милиция кызматкерлери кармалды
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы опузалап пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкерлерин кармады.
2025-жылдын 12-майында ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран А.у.А. милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. 2025-жылдын 10-майында болжол менен саат 23:00 чамасында, ал өзүнө караштуу «Хонда-Акорд» үлгүсүндѳгү автоунаасы менен Бишкек шаарынын Киев көчөсү менен кетип бара жатканда, артынан кызматтык автоунаа менен милиция кызматкерлери кууп келип токтотушкан. Милиция кызматкерлери айып токтотуучу жайга унааны киргизебиз деп коркутуп, 15000 сомду опузалап талап кылышкан. Жаран аргасыздан электрондук капчыгы аркылуу 12 миң сомдон ашык акча каражатын милиция кызматкерлеринин бирине которгон.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө опузалап пара алган милиция кызматкерлеринин өздүгү такталган. Алар Бишкек ШИИББнын МКККнын полкунун милиционери милициянын кенже сержанты У.у.Т. жана Бишкек ШИИББнын МККБ полкунун кенже тескөөчүсү милициянын кенже сержанты Ш. А. экендиги аныкталган. Жогорудагы милиция кызматкерлери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Ички иштер министрлиги ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы