15.05.2025
Ички иштер органдарында кызмат өтөө учурунда баатырларча курман болгон кызматкерлер эскерилди
Бүгүн, ИИМдин борбордук аппаратында кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон ИИОнун кызматкерлеринин эскеришти.
Эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары жана өздүк курамы, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышты.
Эскерүү эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, курман болгондорго атап куран окуусу менен улантылды.
Адылбек Бийбосунов өз сөзүндө курман болгондорду эскерип, алардын эрдиктерин белгиледи. “Биз бүгүн кызмат учурунда эрдик менен коомдук тартипти камсыздоодо курман болгон кызматкерлердин жана ички аскерлердин жоокерлеринин жаркын элесин эскерүүгө чогулдук. “Данк” мемориалы- бул кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жаркын элестерин урматтоо, эр жүрөктүүлүктүн, мекенчилдиктин жана Ата-Мекенге болгон сүйүүнүн символу. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматчылары жарандардын коопсуздугу үчүн, тынчтык үчүн, коомдук тартип үчүн өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, баатырларча курман болушту. Биз аларды эч качан унутпай, эскерип туруу жана келечек муундарга бул элести татыктуу өткөрүп берүү биздин ыйык милдет", - деп баса белгилеп өттү.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындарына материалдык жардам көрсөтүлдү.
Бүгүн республика боюнча ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө дагы кызматтык учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар туугандарынын катышуусунда өтүп, алардын мемориалдарына гүл чамбарлар коюлууда. Милиция кызматкерлери эрдиктин жана кайраттуулуктун үлгүсү болгон жолдошторунун жаркын элестерин ар дайым эскеришип, алардын алдында таазим этишет.
ИИМдин Басма сөз кызматы