15.05.2025
Москвада Кыргызстан менен Россиянын ички иштер министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өттү
2025-жылдын 14-майында Москвада Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Россия Федерациясынын Ички иштер министри полициянын генералы Владимир Колокольцев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо түзүмдөрүнүн башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикирлери менен бөлүшүштү. Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, киберкылмыштуулук, баңгикоркунучу менен күрөшүү, андан сырткары тергөөдөн изин жашырып жүргөн кылмышкерлерди мамлекеттер аралык издөө линиясы боюнча өз ара аракеттенүү чөйрөлөрү боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы бекемдөөнүн манилүүлүгүн баса белгиледи. Ал өз ара аракеттенүү туруктуу, иштиктүү жана достук мүнөздү камтырын билдирди.
Тараптар КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин кеңешинин алкагында активдүү жана жемиштүү биргелешкен ишти улантууга даярдыгын тастыкташты.
Белгилеп кетсек, Кеңештин кезектеги отуруму ушул жылдын август айында Санкт-Петербургда өтөт.