14.05.2025
ИИМдин борбордук аппаратынын ок атуу жана кызматтык көп түрдүүлүк боюнча биринчилиги өткөрүлдү
2025-жылдын 13-14-май күндөрү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын ок атуу жана кызматтык көп түрдүүлүк боюнча биринчилиги болуп өттү.
Иш-чарада кызматкерлер АК-74 автоматынан тактыкка ок атып, жабык жана ачык полигондордо практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. Катышуучулар өздөрүнүн кесиптик деңгээлин көрсөтүп, тартип, жоопкерчилик жана ыкчамдык боюнча күч сынашты. Мындан тышкары, спорттук даярдык элементтери менен коштолгон тапшырмалар, медициналык жана байланыш бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери да уюштурулду.
Бул мелдешке жалпысынан 10 команда катышып, жыйынтыгында биринчи орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы, экинчини ИИМдин Республикалык окуу борбору алса, үчүнчү орунду Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы ээлешти. Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө медалдар жана ардак грамоталар тапшырылды.
Белгилей кетсек, мындай иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүүнү пландаштырып, кызматкерлердин даярдыгын чыңдоо, ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу жана командалык рухту бекемдөө болуп саналат.
ИИМдин Басма сөз кызматы