14.05.2025
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тергөөчүлөрүнө практикалык семинар өкөрүлдү
2025-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын Тергөө кызматтарынын тергөөчүлөрүнө, психология жаатындагы адистердин катышуусунда практикалык семинар уюштурулду.
Иш-чарага ИИМдин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Элиза Шалбаева, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин клиникалык психологу, эксперти, мугалими Перизат Асылбаева жана «ЮЗ ОФ ОШ» коомдук бирикмесинин юристи, жарандык билим боюнча адиси Азиза Маматкулова катышты.
Семинар тергөөчүлөргө балдардын жана аялдардын катышуусундагы кылмыш иштерин тергөөдө аларга карата туура мамиле жасоо, эмоциясын түшүнүү, угуу, купуялуулукту сактоо жана коопсуздук сезимин камсыз кылуу боюнча практикалык билим берүү максатын көздөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө тергөөчүлөр тарабынан жабырлануучуларга эмоциялык колдоо көрсөтүү, коопсуздукту жана тынчтыкты орнотуу, иштин терең кырдаалын түшүнүү боюнча психология жаатында өз тажрыйба жана билимдери менен бөлүшүшүп, тергөө амалдарын жүргүзүүдө өз кеңештерин беришти.
Белгилей кетсек, жогорудагы иш-чара Балдар укугу жөнүндө конвенцияны ратификациялоого байланыштуу кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу жана Кыргыз Республикасынын сунушталган бириктирилген биринчи жана алтынчы мезгилдик баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын пикирлерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан иш-чаралар мерчеминин алкагында уюштурулду.