12.05.2025
Милициянын ардагерлери Ысык-Көл марафонуна катышып, жогорку жыйынтык көрсөтүштү
2025-жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization» эл аралык марафону болуп өттү. Анда, милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов жана ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Сеитов дагы катышты.
Кемелбек Киязов өз курагындагылар арасында жогорку жыйынтык жаратып, 3 саат 57 мүнөт ичинде 42, 2 км чуркап өтүп, биринчи орунду ээлеген. Учурда ардагерибиз 68 жашта. Ал эми, Бакыт Сеитов өз курагындагылар арасында 2 саат 38 мүнөт ичинде 21,97 км чуркап, үчүнчү орунду ээлеп, мыкты көрсөткүч көрсөттү.
Бул марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүп, ага 22 өлкөдөн 3000 ашык спортчу катышты.
Марафондун максаты калкты дени сак жашоого жана спорт менен машыгууга үндөө болуп саналат.
ИИМдин Басма сөз кызматы