10.05.2025
Кыргыз Республикасынын Элчиси Корея улуттук полиция университетинин жетекчилиги менен жолугушуусу
2025-жылдын 2-майында Асан шаарында Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Корея Республикасындагы өкүлү Талгат Саргашкаев жолугушуу өткөрүштү.
Алар Корея Улуттук Полиция университетинин президенти Ох Мун Кю жана университеттин тармактык департаменттеринин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы жана болочок кызматкерлерин даярдоо менен алардын квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда Элчи Аида Исмаилова Мамлекеттин туруктуулугу ички коопсуздукка таянарын эске салып, укук коргоо кызматкерлеринин билимин үзгүлтүксүз жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы менен Корея Улуттук полиция университетинин ортосунда Кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуну сунуш кылды.
Алдыңкы методикаларды колдонгон аталган окуу жай менен кызматташуу укук коргоо органдарынын кесипкөйлүгүн бекемдеп, кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттырып, кадрдык резерв түзүүгө өбөлгө болот. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги бул өнөктөштүктү ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде, Корея Улуттук Полиция университетинин президенти Ох Мун Кю Элчи ыраазычылык билдирип, активдүү кызматташтыкка даяр экенин ырастады. Ал 1980-жылдан бери модернизацияланып келген университет бардык деңгээлдеги билим берүү программаларын ишке ашырып, чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташарын жана жыл сайын 200гө жакын полиция кызматкерин даярдап, 50дөн ашуун чет өлкөлүк тыңдоочуларды окутарын белгиледи. Жолугушуунун соңунда меймандарга университеттин кампусу жана музейи боюнча экскурсия уюштурулду.
ИИМдин Басма сөз кызматы