10.05.2025
Ноокат районунда болгон спорттук мелдеште массалык мушташ болгон эмес
2025-жылдын 9-май күнү Ноокат районунун Жаны-Ноокат айыл аймагынын Сахаба эс алуу жайында күрөш боюнча өткөрүлүп жаткан мелдеште эки күрөшчүнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болгон.
Аталган мелдеште көрүүчүлөрдүн саны көп болуп, арасынан ортого чуркап чыгышкандар болду.
Бул көрүнүш көрүүчүлөр тарабынан көп сандаган видеолорго тартылып алынып, маалымат каражаттарына массалык мушташ болду деп таратылып кетти.
Аталган мелдеште эч кандай массалык мушташ болгон жок, ошондой эле бир дагы жаран жаракат алган жок.
Бул окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.