02.05.2025
Өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырып, жарандан беш миллиондон ашык акча каражатын алдап алган алдамчылар кармалды
2025-жылдын 6-мартында Бишкек шаарынын Ленин РИИБне Ч.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар бейтааныш абоненттик телефон номерлери аркылуу өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, үч банкта турган депозиттик эсебинен 5 292 000 акча каражатын белгисиз банктык эсептеге котортуп алышканын билдирген.
Бул факты боюнча, Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө банк реквизиттери аркылуу төмөнкү адамдар аныкталган (Дропперлер – алдамчылар тарабынан уурдалган акчаларды накталай алуу үчүн колдонулган адамдар) 2004-жылы туулган М.Н., 2004-жылы туулган Т.Б., 2003-жылы туулган О.А., 2044-жылы туулган М.М. жана 2004-жылы туулган Б.Е. атуу жарандар аныкталып кармалышты.
Кылмышка шектүү болгон беш жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы