28.04.2025
БМЖКККнын кызматкерлери студенттерге баңгизат коркунучуна каршы алдын алуу иш-чарасын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттерине баңгизат коркунучуна каршы профилактикалык иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты — студенттерге баңгизаттарды колдонуу жана таратуу менен байланышкан тобокелчиликтер тууралуу маалымат берүү, укуктук маданиятты өнүктүрүү, жеке жана коомдук коопсуздук маселелерине жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу болду.
Иш-чарада Кинологиялык борборунун кызматтык-издөө иттери ар кандай жашыруун жерлерге катылган баңгизаттарды табуу жана шектүүнү кармоо жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Белгилей кетсек, кинологиялык кызматтын баңгизат коркунучуна каршы күрөшүүдөгү маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун ачык көрсөтүү болуп саналат.
Университеттин жетекчилиги милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар жаштар арасында, ден соолукка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууда маанилүү экенин жана ар бир жаран баңгизаттын зыяндуулугу, ага байланышкан жоопкерчилик жөнүндө билип, «ЖОК» деп айтууну үйрөнүшү керектигин баса белгилешти.
ИИМдин Басма сөз кызматы