facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.04.2025

Нарында “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аталышындагы форуму улантылууда

2025-жылдын 24-апрелинде Кочкор районундагы маданият үйүндө билим берүү мекемелеринин жогорку класстарынын окуучуларына арналган «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек», аттуу масштабдуу форум Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен ийгиликтүү өткөрүлдү.

Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, Нарын ОИИБдин жана Кочкор РИИБдин кызматкерлери, ошондой эле Кочкор райондук администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, жалпы дарыгерлик практикалык борборунун өкүлдөрү жана белгилүү спортчулар, маданият кызматкерлери, мугалимдер, социалдык педагогдор жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Аталган форум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын” жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде уюштурулган.

Форумдун жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан атайын даярдалган таасирдүү видеоматериалдар жана слайд-презентациялар көрсөтүлүп, окуучулар менен ачык жана таасирдүү талкуу уюштурулду.
Форумдун негизги максаты-өсүп келе жаткан муундарга туура маалымат берүүгө, тарбиялоого, окууга, өнүктүрүүгө жана талыкпай иштөөгө чакыруу.  Өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана ийгиликтүү максаттарга жетүү үчүн шыктандырып, насаатчы боло ала турган ийгиликтүү адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер