24.04.2025
Ала-Бука районунда коррупция фактысы аныкталып, райондун мурдагы орун басары, азыркы аким кармалды
2018-жылы Ала-Бука райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары С.Б. өзүнүн кызматтык абалын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, "Жер участокторун которуу жөнүндө" мыйзамды бузуп, 2018-жылдагы буйругу менен мамлекеттик дарыкананын карамагында турган 0,70 га өлчөмүндөгү жер участогун өндүрүштүк катары өзгөртүп, турак үй курууга мүмкүн кылган.
Көрсөтүлгөн жер тилкеси жеке адамдарга берилип кетип, натыйжада мамлекетке 44 274 050 сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
Ала-Бука районунун акиминин мурдагы орун басары, учурда Талас облусунун райондорунун биринин акими болуп иштеген С.Б. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы