facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.04.2025

КР ИИМ делегациясынын Болгарияга иш сапары: укук коргоо кызматташтыгын бекемдөө

2025-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин делегациясы Болгария Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Болгариянын Ички иштер министрлигинде расмий жолугушуу болуп өттү.

Делегацияны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков жетектеди.

Сүйлөшүүлөр ишенимдүү жана жемиштүү маанайда өттү. Болгария Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Любомир Йосифов өз сөзүндө, укук коргоо ишмердиги жаатында кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин жана кыргыз кесиптештери менен мындан ары тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана тереңдешине маанилүү дем берерин айтып өттү.

Жолугушуунун алкагында Болгария ИИМдин Маалыматтык технологиялар жана байланыштар башкармалыгынын өкүлдөрү жол кыймылынын жана Болгария жарандарынын коопсуздугун камсыздоого багытталган мамлекеттик маалыматтык системаны тааныштырды.

Жолугушуунун соңунда эки тарап тең конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча ишти улантууга өз ара даярдыгын ырасташты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер