24.04.2025
"Онлайн-казинонун" мыйзамсыз иш-аракеттеринен кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген топтун ишине бөгөт коюлду
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кибер кылмыштар боюнча кызматкерлери «Telegram» мессенджерин мониторинг жүргүзүү учурунда «xCoin.KG» бот-каналы аныкталып, анын ээси Кыргыз Республикасынын аймагында "онлайн-казино" ишин жүргүзүүгө лицензиясы жок «1-Xbet», букмекердик конторасынан Кыргыз Республикасынын банктык карталары аркылуу коюмдарды кабыл алууну, акча каражаттарын толуктоону жана чыгарууну жүргүзүп жүргөнү такталган.
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, «1-Xbet» букмекердик конторасынын Кыргыз Республикасында онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино ишмердүүлүгүнө лицензиясы жок.
Ошондой эле «xCoin.KG» бот-каналы дагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы акча каражаттарын толтуруу жана алуу кызматы, ошондой эле букмекердик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жана төлөм оператору катары финансылык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы жок.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) менен кылмыш ишин козгоду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө «xCoin.KG» бот-каналдын ээси 2005-жылы туулган А.К. аттуу жаран жана операторлор 2005-жылы туулган А.И., 2005-жылы туулган У.У. аттуу жарандар аныкталган.
Бот каналдын ээси А.К. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалды.
Тергөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат жана учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө.