facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

22.04.2025

Криптовалюта менен соода кылууну шылтоолоп көп суммадагы долларга ээ болгон шылуун кармалды

Криптовалюта менен соода кылууну шылтоолоп көп суммадагы долларга ээ болгон шылуун кармалды

Милицияга арыз менен К.Д. аттуу жаран кайрылып, 2024-жылдын 15-февралында чала тааныш адам Бишкек шаарынын «Восток-5» кичи районунда алдамчылык жолу менен ишенимге кирип, криптовалюта алуу-сатуу боюнча биргелешкен бизнеске инвестиция салууга көндүрүп, 30 000 АКШ доллар акча каражатын ээлеп качып кеткенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун аймагында 1998-жылы туулган А.С. шектүү аныкталып, кармалган.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык А.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен баш коргоо чарасы камакка алуу тандалган.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматында жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер